Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын Шерабад районунда күн электр станциясынын курулушу башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 528 | 0

Өзбекстандын Сурхандарья облусунун Шерабад районунда күн фотоэлектр станциясынын курулушу башталды.

Маалыматка ылайык, бул станциянын кубаттуулугу 457 МВт болот. Станция менен бирге 220 кВт болгон жаңы көмөк чордону салынып, аны «Сурхон» көмөк чордонуна кошуу үчүн 52 чакырымдык электр чубалгы тартылат.

Бул долбоордун ишке ашырылышы менен жылына 340 млн куб газды үнөмдөөгө, 300 миң үйдү электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзүлөт.

Станциянын курулушун 2023-жылдын август айында бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, Өзбекстан 2030-жылга чейин күн электр станцияларынын кубаттуулугун 5 миң, шамал электр станцияларыныкын – 3 миң жана гидроэлектр станциларынын кубаттуулугун 4 миң мегаваттка чейин жеткирүүнү көздөөдө. Ал үчүн Өзбекстан өлкөнүн ар кайсы бурчтарында шамал, күн электр станцияларын салууну пландап жатат. Алардын айрымдары быйыл ишке берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM