Биз менен байланышыңыз

Эшенкул Барпиев: Саясатка аралашсам, маданият тармагын өнүктүрмөкмүн

38 жылдык өмүрүн тамадалыкка арнап, элдин жакшылыгында жүргөн, бүгүн 60 жашка келип, аксакал болор куракка бет алган Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эшенкул Барпиев «Мен жана мезгил» программасында болду.

Алтыга «мыш» мүчөсүн улап эле койбосо, өзүмдү жаш сезем

«Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы» деп акылман аталарыбыз айткандай, 1961-жыл — адамзат космосту Гагарин менен кошо багындырган жыл. Азыркы жаш муундарда: «Качан, кайсыл кылымда болгон?» — деген суроо туулушу мүмкүн. Анткени ал жыл тарых барактарында жазылып, сакталып калат. Мына ошол жылдын 16-июнунда мен төрөлгөм. Турмуштун ар кандай мезгилин көрдүм. Мөмөлүү дарак болдум. Сүйгөн кесибимди, өнөрдү аркалап, жаныма жакшы жоро-жолдош күттүм. Эл оозуна алындым. Убакыт бат, ыкчам экенин мына азыр гана сезип олтурам. 60 жаштан кийинкиси мен үчүн туман, мунарык. Бирок, 38 жыл далай торколуу тойдо кызмат кылгам. Ошонун арасында 100 жашка чыккан аксакалдын тоюна барып, кызматында болдум. Демек, коомдун ичинде, бала-чака, неберелердин кучагында, сөзү оозунда, буту-колу иштеп турса, ар бир жаштын өзүнүн кызыгы, таттуу дөөлөтү болушу керек деп ойлойм. Мына ушул 60 жашыма арнап, 6 куплет ыр чыгардым.

Мезгил учат, убакытты талашат,

Кайда калды жылаңайлак балачак?

Өмүр деген суудай агат турбайбы,

Кээде жайлап, кээде болсо шар агат.

 

Жаш улгайып, улам өргө баратат,

Алды жакта туман турат карасак.

Ашуулардын ортосубу алтымыш?

Аттиң, эми «мышты» кошуп санашат!

 

Ушул жашта кеч кирбейт да, таң атпайт,

Жолуң түптүз, оңго-солго каратпайт.

Бала- чакаң, неберелер көбөйөт,

Жаратканга ыраазымын, ырахмат!

 

60 жаш орто жолдо турасың,

Моюнуңду оңго-солго бурасың.

Жаштар кошпойт… карылыкка баргың жок —

Чындык ушул, сөздүн айтсам туурасын.

 

60 жаш келгениңе кубанам,

Бата тийсе дагы жашка уланам.

Эң башкысы, заманаң тынч, эл эсен.

Бала-чакам аман болсун суранам.

 

Анда эмесе, аман болсун калкыбыз,

Той маараке, бата, тилек — салтыбыз.

Кош келдиңер, ак баталуу меймандар,

Эшенкулдун бүгүн жашы алтымыш!

Бир айылды дүрбөткөн тентек элем

Мындан 43 жыл мурун мектепти бүткөм. Кичи мекенимден кеткен боюнча дале сырттамын. Окудум, иштедим. Шекер — залкар жазуучу Чынгыз Айтматов аркылуу аты чыккан, өтө даңазалуу айыл. Айылда атамдын көзүү тирүү теңтуштары бар. Барган сайын чай ичишип, баарлашып, чер жазышып келем. Алар балалыгымды эске салышып, «Шайтандай бала болчусуң, сен көчөдөн чуркап өткөндө, иттер чурулдап калышчу. Колуңдан рогатка, таш түшчү эмес. Кайсыл жерде Эшенкул жүрсө, ошол жер ызы-чуу. Бирок, кийин тез токтолдуң», — деп калышат (күлүп). 6-7-классымда токтолдум. 10-класска чейин китепканадан башым чыккан жок. Аябай көп окудум. Ошол кезде биз кичинекей болсок да, мамлекетке кызмат кылдык. Анткени Талас жергеси тамекинин мекени болчу. Анын иш процесси кандай болорун билебиз да. Иштеп, мектепке болгон чыгымдарды өзүбүз таап алчубуз. Ошол кезде тамеки түштүк жергесинде Ноокатта, анан Таласта кеңири өстүрүлчү. Эрте жазда, февраль-март айларында парниктен башталып, сентябрь-октябрь айларына чейин бир жыл убакытты ала турган жумуш болчу. Бардык билимдин башаты — мен үчүн аксакалдардын нарктуу сөзү. Куйма кулак болуп өстүм. Мектепте лидерлик сапат күчтүү болчу. Анан көп окугандыгым мен үчүн чоң мектеп болду. Эң чоң күч, курал — сөз. Бул нерсени кийин өзүмдүн өнөрүмө, кесибиме абдан пайдаландым.

Шекеримдин күн батыш тарабы, кадимки Айтматовдун чыгармасындагы Күркүрөө суусу, анын үстүндө Манас атабыздын чокусу көрүнгөн улуу тоолорубуз бар. Айыл азыр 1000 түтүндөн ашып калды. Төрөкул Айтматов атындагы 3 кабаттуу мектеп бар. 1978-жылы Чыңгыз Айтматов айылга 50 жашын белгилегенде, маданият үйү салынган. Ал жылы биз мектепти бүтүргөнбүз. Деги эле сууга түшүп, балык кармачубуз, кезүү келгенде кой кайтарчубуз, кышында коньки жок «кирзовой» өтүкчөн хоккей ойночубуз.

Актёр болуу эң чоң кыялым эле…

Мен өзүм устачылыкка, мергенчиликке, балык уулоого абдан кызыктым. Колума калем кармап, райондук, облустук, республикалык гезиттерге макала жазган учурум болду.

Мектепти жакшы окуп бүтүрдүм. Кызыкканым, адабият жана тарых болду. Биздин айылдан чыккан Муратбек Рыскуловдон кийин эле «Король Лирди» ойногон, өмүр бою музыкалык драма театрда иштеген Капар Медетбеков, актерлор Болот  Бейшеналиев, Сүймөнкул Чокморов, Жамал Сейдакматова, Таттыбүбү Турсунбаева жана башка таланттуу инсандар менин кумир туткан адамыма айланышты. Ар кинонун премьерасынан чоң энемдин тыйынын алып болсо да барып көрчүмүн. Китеп текчемде 2-3 альбомум бар болчу. Бүткүл дүйнөлүк «мен кыйын» деген актёрлордун сүрөттөрүн топтогом. Азыр жоголуп кетти. Эмнегедир ушунчалык актёр болгум келген. Атам ыраматылык: «Мындай кесип биздин каныбызда, уруубузда жок. Артист болот деген эмне деген шумдук?! Шайтандын сөзүн баштабачы, балам. Агроном бол — нан жейсиң. Зоотехник бол — эт жейсиң. Тиш доктур бол — алтын кармайсың, юрист бол — мыйзамды кармайсың. Жазуучу, тарыхчы, журналист бол, жазып жүрөсүң», — деди. Жок, көкүрөгүмө уюп калган балалык эңсөөм башка кесипке жол берген жок. Анан ата балага баары бир сынчы да: «Бар, тандаган кесибиңе тапшырып кел. Өтпөй калсаң, анан дагы айтарсың», — деп жөнөттү.

Билимден жеңилбеген Эшенкул

Москвадагы Луначарский атындагы Бүткүл союздук институтка кабыл алуу Бишкекте болду. Окуу жайга 100гө жакын бала тапшырдык. Кыргызбай Осмонов, Турусбек Жумалиев, Темирлан Сманбеков менен чогуу тапшырганбыз. Бирок, мен окууга өтпөй калып, аябай капаланып, жан дүйнөм жанчылды. Кийин Т. Абдымомунов атындагы драма театрдын 2 жылдык студиясына окудум. Спектаклдерде массовкаларга, эпизоддорго катышып калдык. Чоң сахнанын жытын, элдин кол чабуусун кадимкидей сезчүбүз. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда театр актёрлорун, режиссерлорду даярдаган чоң кафедра бар. Кийин аны 4 жарым жыл окудум. Аны аяктагандан кийин мага айылдан сунуш келди. Ал жакта режиссёру жок Киров элдик театры бар болчу. Аны жетектедим. Айылымдагы мен бала кезде ойноп жүргөн маданият үйүндө драмалык ийрим бар эле. Ошол жерге «Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл» деп ыраматылык Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» спектаклин койдум. Фрунзеден келген коммиссия көрүп, драмалык ийримге «элдик» наамын беришти. Кара-Буурада ошондо эки элдик театр болуп калды. Кийин райондун маданият үйүнө орун басар, анан жетекчи болдум. Ошентип, убакыт өтүп, заман өзгөрдү.

Киного 50 жашта гана роль сунушталган

45 жашка чейин мага бир да роль сунушталган жок. Анткени, 1995-1996-жылдарга туш келет экен. Бул кезде СССР ыдырап кеткенден кийин эл кино тургай, кара курсагын тойгуза албай калган. Ошол кезде чоң профессионал киночулардын иши да токтогон. Кийин 50 жаштан өткөндө Өмүрзак Төлөбековдун сценарийи менен тартылган «Миллионердин сүйүүсү» тасмасында башкы ролду ойнодум. Андан кийин 7-апрелдеги окуяны чагылдырган «Төңкөрүш» деген фильмде роль жараттым. «Президент жана бомж» тасмасына тартылдым. Андан соң Ырысбек Жабировдун «Журналист» деген киносуна роль сунушталып, тартылып бүттүм. Бул тасма быйыл чыгышы керек. Ырысбек күз айларында «Шайлоо» деген кино тартарын айтып, роль сунуштап атат, ага да катышам.

«Тамадалар борбору» учурунда шоу чөйрөсүнө чоң жаңылык киргизген  

«Ынтымак жакшы ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы» дейт. Шоу-бизнесте ырчылар, тамадалар, ар кыл өнөрпоздор арасында көрө албастык, бут тосуу, ичи тардык абдан көп. 1990-жылдары жакшылыктарды алып барууда тамадалар абдан чоң роль ойной башташты. Анткени кандай жакшылык болбосун ирети менен, маданияттуу алып барууга той башкаруучулар изделип калган. Ар бир облустан аты таанылып калган тамадалар чыгып баштады. Ушулардын башын бириктирип көрөлү деп, Бакай Шүкүров, ыраматылык Айтбек Муканбетов, Асылбек Өзүбеков, Каныбек Азизов, Турдаалы Аскарбеков, Кыяс Молдокасымов, Алтынбек Шадыбеков, Нуркан Койчуманова болуп, элүү-алтымыштай тамаданы чогултуп, чай үстүндө ынтымакка чакырып, «билбегендерди бири-бирибизге айта жүрөлү» деп, борборду негиздегенбиз. Бул айланып эле акча табуу булагы болуп саналбастан, кээ бирибиз үчүн кесип катары өркүндөтүп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул борбор өз жемишин берди. Азыр он биринчи жылга кетти, ошондогу курамдан 25 тамада бар. Учурда ар бир жерде тамадалар уюму бар. Бул биздин жакшы мээнетибиздин ийгилиги.

Ал эми тамадалар мектебинин ачылганына 2 жылдын жүзү болду. Аталган жайда бир гана мен жалгыз сабак бербейм. Ар кыл тараптан сабак өтүлөт. Мектеп 4-5 багытты өзүнө камтыйт. Импровизация, этика, тарых, тилдин динамикасы жана башка. Бул жаш тамадалар үчүн абдан керек. Мисалы: «Тойдо уча эмне себептен тартылат? Эмне үчүн келинге ак жоолук салат? Эмне үчүн көшөгөгө олтурушу керек? Эмне үчүн жүгүнөт?» деген сыяктуу салтыбызды, наркыбызды билбегендер көп. Анан устат катары дагы бир айта турчу нерсе азыр бардык тамадалар жаттап алып, 5-6 конкурс жана баягы кайталанган макалдар менен тойду өткөрүп жүрүшөт. Өзү айтып жаткан макалдын маанисин түшүнбөсө же түшүндүрүп, жеткире айта албаса анда аны колдонуштун кереги жок.

Саясатка аралашсам, маданият тармагын өнүктүрмөкмүн

Мамлекеттик идеологиянын башатында адегенде улуттук идеология болушу керек. Себеби, өсүп аткан жаштарды ата- бабалардын жолуна түшүрүү, улуттук аң-сезимин ойготуу биринчи приоритеттүү маселе болушу зарыл. Анткени кыргыз илгерки жолуна кайтмайынча азыркы заманды оңдой албайбыз. Жаштарыбызда күнөө жок. Эгемендик алганбызга 30 жыл болуп жатат. 1981-жылы төрөлгөн балдар азыр 40 жашта. Ошолордон баштап, аларга кыргыздын салты айтылбай калды. Анткени, 1990-жылдардан  тарта саясатыбыз сабиз туурап, эң башкы түшүнүк базарга чыгуу, акча табуу болуп калган. Мурда саясаттагы көрүнүктүү инсандарды көрүү эл үчүн сыймык болсо, азыркылар эмне деген атка ээ болушуп жатат? Кадыр-баркын жоготушту. Эл деген калыс, сынчы болот да. Мамлекеттин тагдырын мына ушулар чечип атса, демек, биринчи элди ойлоо керек. 3-4 жылдан бери саясат тармагына кызыгып жүрөм. Эгерде ал тармакка баш багып калсам, бүгүнкү күндөгү маданиятыбыз, салт-санаабыз,билим деңгээли, жаш муундун өсүү процесси боюнча өзүмдү жеке пикирим, көз карашымды айтмакмын.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM