Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Монголия беттеши: «Көк бөрүлөр» биринчи бөлүктө 0:1 эсебинде алдыга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 7 Июн 2021 | 1285 | 0

Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 7-июнда өтүп жаткан Кыргызстан менен Монголиянын беттешинин биринчи бөлүгүндө «көк бөрүлөр» 0:1 эсебинде алдыга чыкты.

Голду 34-мүнөттө Монголиянын оюнчусу Мижиддорж Оюунбаатар киргизди. Азыр футболчулар 15 мүнөттүк тыныгууга кетишти.

Беттеш Осака шаарындагы «Янмар Стэдиум» стадионунда өтүүдө.

Эскерте кетсек, беттештин алдында коронавирус жуктуруп алган деп шектелгендиктен Кыргызстан курамасынын коргоочусу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотоев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба оюнга чыга алышкан жок. Ага байланыштуу дарбазага коргоочу Айзар Акматов турган.

Бул беттештен тышкары Кыргызстанды дагы эки оюн күтүп турат: 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен.

Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат. Ал 6 оюн өткөрүп, биринде да жеңилген эмес. Андан кийин 6 беттеш өткөрүп, 10 упайга ээ болгон Тажикстан турат. Кыргызстанда 7 упай бар. Бирок «Ак шумкарлар» азырынча 5 гана беттеш өткөргөн. Тайпада акыркы орундарды Мьянма (6 упай) жана Монголия (3 упай) ээлөөдө.

Кыргызстан курамасынын беттештерин «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарынан жана Sportrecs платформасынан көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM