Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Монголияга каршы дарбазачысы жок ойнойт

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 2148 | 0

Японияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттешинде оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотоев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба оюндан четтетилди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

Жапон машыктыруучулар штабы Кыргызстан курама командасынын аталган мүчөлөрүн «коронавирус инфекциясын жуктурган» деп шектелгендердин тизмесине киргизген.

Маалымат беттеш башталарга 2 саат калганда белгилүү болгон. Кырдаалга байланыштуу Кыргызстан курамасынын коргоочусу Айзар Акматов дарбазачы боло турган болду.

Бүгүн, 7-июнда 2022-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун алкагында Кыргызстан Монголия менен оюн өткөрүп жатат. Беттеш Осака шаарындагы «Янмар Стэдиум» стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталды.

Оюнду «КТРК Спорт», «Кыргыз Спорт ТВ» каналдарынан жана Sportrecs платформасынан көрүүгө болот.

Copyright © 2017 Maral FM