Биз менен байланышыңыз

30 жыл ичинде 1 миллиондон ашык этникалык казак түп мекенине кайтып келген

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 543 | 0

1991-жылдан бери Казакстанга 1 млн 77 миң 300 этникалык казак көчүп келген. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги жазды.

Ал эми быйыл беш ай ичинде тарыхый мекенине кайтып келген 6 миң 935 этникалык казак «кандас» макамын алган. Алардын 76,3%ы Өзбекстандан, 10,4%ы Кытайдан, 6,2%ы Түркмөнстандан, 2,7%ы Монголиядан жана 4,4%ы башка өлкөлөрдөн келген.

Тарыхый мекенине быйыл кайтып келген этникалык казактардын басымдуу бөлүгү Алматы, Түркстан, Мангыстау, Жамбыл облустарына жана Шымкент шаарына отурукташкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM