Биз менен байланышыңыз

Суучул Денис Петрашов «Маре Нострум» мелдешинде дагы эки коло байге жеңди

Кыска кабар , Спорт | 4 Июн 2021 | 1033 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов эл аралык «Маре Нострум» мелдешинде дагы эки коло байге жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Ал 50 жана 200 метр аралыктагы жарышка (брасс жарышы) катышып, биринчисинде 26,30 секундда, экинчисинде 2 мүнөт 15,18 секундда келген.

Буга чейин Петрашов аталган мелдештин Монакодо өткөн жарышында (100 метрге) да коло байге жеңип алган.

Эскерте кетсек «Маре Нострум» мелдеши Токиодогу Олимпиада оюндарына квалификациялык болуп саналат. Ал бир нече сериядан турат. Жарыштар 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо (Монако), андан кийин 1-2-июнда Каннетте (Франция) жана 5-6 июнь күндөрү Барселона шаарында (Испания) өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM