Connect with us

Суучул Денис Петрашов «Маре Нострум» мелдешинде коло байге жеңип алды

Кыска кабар , Спорт | 31 Май 2021 | 1197 | 0

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Монакодо өткөн «Маре Нострум» мелдешинде 100 метр аралыктагы жарышта (брасс жарышы) коло байге жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Петрашов 100 метрди 1 мүнөт 01,96 секундада сүзүп өткөн.

Федерациядан белгилешкендей, бул мелдеш Токиодогу Олимпиада оюндарына квалификациялык болгондуктан, ага дүйнөнүн күчтүү делген суучулдары келген.

Эскерте кетсек «Маре Нострум» мелдеши бир нече сериядан турат. Жарыштар 29-30-май күндөрү Монте-Карлодо (Монако), андан кийин 1-2-июнда Каннетте (Франция) жана 5-6 июнь күндөрү Барселона шаарында (Испания) өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM