Биз менен байланышыңыз

Жанболот Бейшебаев: Күнгө туура күйө билүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2021 | 354 | 0

Күндүн нурун чеги менен колдонсо, ден соолукка пайдалуу. Бул тууралуу Республикалык тери венерологиялык борборунун жогорку категориядагы дарыгери Жанболот Бейшебаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Күндүн нуру адамдын иммунитетин көтөрөт, маанайды көтөргөн серотонин гормонунун иштелип чыгуусуна шарт түзөт жана Д витаминин берет. Кыргызстан Күн ачуу тийген өлкөлөрдүн катарына киргендиктен, зыян алып калбоо үчүн туура күйгөндү билүү керек. Саат 11:00дөн 16:00гө чейинки убакыт күнгө чыгуу, көл жээкке баруу үчүн сунушталбайт. Анткени бул убакта ультрафиолет катуу тийгендиктен, күйүк алып калуу мүмкүн. Түштөн кийин ультрафиолет азыраак болот. Көлгө барганда, алгачкы 3 күн организмди көндүрүп, күнгө азыраак кактануу зарыл: эртең менен 10 мүнөт, кечинде 10 мүнөт. Акырындап убактысын көбөйтүп отуруп, 1-2 жумада адамдын териси тегиз күйөт.

«Күнгө бат күйүп алса, адам өзү кыйналып калат. Кээ бир тери ооруларына бул терс таасирин тийгизет. Калдары, невустары бар адамдар да абайлашы керек. Күнгө катуу күйүү шишиктердин пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Андан тышкары терини кургатып, бырыш түшүрөт», — дейт дарыгер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM