Биз менен байланышыңыз

Бишкектиктердин маршруткасыз өткөн экинчи күнү

Коом | 3 Июн 2021 | 1639 | 0

Бишкекте эки күн катары менен маршруттук таксилердин айдоочулары каттамга чыкпай койду.

Бишкекте жүргүнчү ташыган кичи бустардын айдоочулары иш таштоону улантып, бүгүн, 2-июнда да каттамга чыккан жок. Алар жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүүнү суранып жатышат. Жол кире маселеси чечилгенге чейин шаар тургундарына кыйын кырдаал жаралды.

Шаар тургундарынын айрымдары жол кире акысын 15 сомго көтөрүүгө да макул, бирок коомдук транспорттун абалын жакшыртуу керек. Айрымдары маршруткаларды каттамдан такыр алып салып, автобус менен троллейбусту көбөйтүүнү өтүнүшөт.

Борбор калаадагы коомдук транспорт маселеси боюнча бүгүн, 3-июнда парламенттин депутаттары да тынчсызданып, маселени чечүүнү Өкмөттөн талап кылышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев маршруттук каттамдарды иштеткен ортомчу фирмалардын лицензиясын тартып алууну сунуштап, аларды «эл душманы» атады.

— «700 автобусту бекер алып келели, бизге линия бергиле» деген инвесторлор бар, бирок мэрия ага макул болбой жатыптыр. Азыр каттамга чыкпай жаткандардын лицензиясын ошолорго берип, маселени чечүү керек. Бул премьер-министр өзү кирише турган маселе болуп калды. Эми ультиматум менен жашай турган заман эмес, мамлекет болгондон кийин мамлекет болуу керек. Ошол 5-6 компаниянын лицензиясын катуу эле тартып алсак, керек болсо кармайлы, келиңиздер, «кармалды» деп сүрөттөрү менен кошо элдин душманы катары чыгарып коелу. Андан сырткары мэриядагы жооптуу кызматкерлерди ушундай абалга алып келгени үчүн бүгүндөн калбай кызматтан алуу керек.

Еразия өнүктүрүү жана турукташтыруу банкынын линиясы менен 300 жаңы троллейбус алып келүү боюнча тендер бир жылдан бери токтоп турат.

Бүт тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып бергенбиз, бир жылдап тендер өткөргөнүбүз уят да. Ошол тендерди кайра батыраак ишке ашыруу керек. Мэрия жол кире маселесин чече албай жатса, ыктыярчылардын элге жардам берүүсүн уюштуруп берсин. Жол кире маселесине өкмөт башчы жана парламент киришпесе болбой калды. Маршруткалар бүгүн  каттамга чыгышы керек», — деди депутат.

Ошондой эле депутат Ныязбек Арзыбаев тендердин жобосуна жаңы эреже киргизип, каттамга чыкпай койгон компаниялардын кийинки тендерге катышуусуна бөгөт коюлушу керектигин айтууда.

— Кесиптештерим айткандай, азыркы каттамдарды иштетип жаткан компаниялардын лицензиясын алуу керек, тез аранын ичинде тендер жарыялоо керек. Ошол тендерге өзүнчө пункт катары, чоң кылып жазып коюу керек: эгерде ушундай иш таштоолор болсо, ошол компаниялар болобу, ЖЧКлар болобу, тендерге кайрадан катышуу укугунан ажыратылышы керек».

Бишкекте 250дөн ашык автобус, троллейбус бар. Ошондой эле 42 компанияга таандык 3 миңден ашуун кичи бус жүргүнчү ташыйт.

Бишкек шаардык мэриясы апрель айында жол кирени көтөрүүгө байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Анда жол кире акысын жогорулатуунун үч варианты сунушталган. Биринчиси, баарын ошол бойдон калтыруу; экичиси, муниципалдык коомдук транспорттордо жол кирени 11 сом, жеке фирмалык ташуучулар классындагы автобустарда жол акынын баасын 15 сомго көтөрүү; үчүнчү вариант —  автобустар – 15 сом, троллейбустар – 11 сом, жеке транспорттук компаниялардын бардык класстагы автобустары – 19 сом.

Ушул сунуш айтылганда шаар мэринин милдетин Балбак Түлөбаев аткарып турган. Ал бүгүн маршруттук таксилердин айдоочуларына кайрылып, жол киреге байланыштуу маселени мэр чече албай турганын, шаардык кеңеш шайланып келгенден кийин гана чечилерин айтты.

Айдоочуларды ага чейин элди кыйнабай, иштеп турууга чакырды.

— Бишкек шаардык кеңеши шайланып келсе, май айында маршруткаларга жол кире акысын 15 сомго, мектеп окуучулары менен пенсионерлер үчүн 10 сомго деп сүйлөшкөнбүз. Бирок май айында шаардык кеңеш шайланбай калды, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жол кире боюнча токтомдорду мэрия баарын даярдап койгон. Экономика министрлигинин анализинен өткөн, бир-эки айдан бери сайтта илинип турат. Эми шаардык кеңеш келгенге чейин кичине күтүп турбайсыздарбы? Депутаттар шайланып келсе, эң биринчи ушул маселени карайт деген ойдобуз. Мен сиздерден өтүнөм, азыркы мэр деле мурунку айтылган сөздөрдүн артынан келе жатат, азыркы мэр деле эч нерсе кыла албайт, себеби шаардык кеңеш жок, тарифтин көтөрүлүшүн шаардык кеңештин депутаттары кабыл алышы керек.

Быйыл жыл башында да маршруттук унаанын айдоочулары күйүүчү май, тетиктер кымбаттаганына байланыштуу жол кире акысын 10 сомдон 15 сомго жогорулатууну талап кылып, иш таштоого чыккан.

3-июнда айдоочулардын айрымдары көйгөйлөрүн айтып беришти.

— Каттамга чыкпаганыбызга күйүүчү майдын, жабдыктардын кымбатташы башкы себеп болууда. Айдоочулардын 80 пайызынын насыясы бар. Алардын айрымдары маршруткасын оңдоо үчүн кредит алган. Биздин жасап жаткан жакшы иштер элге жетпей жатат. Биз 60 млн сом салык төлөйбүз, ал шаардын муктаждыктарына кетет. Мейли автобустарга да макулбуз, бирок автобус менен троллейбустардан пайда түшпөйт. Биз транспортубузду өзүбүз оңдойбуз, мэриядан бир тыйын акча сураган жокпуз. Болгону пенсионерлерди 5 сомдон ташыйбыз. Азыр деле 5 сомдон ташууга макулбуз, мэрия суранган. Бирок керектүү жабдыктарды сатып алууда бизге мэрия жардам бербейт да, — дейт айдоочу. 

Мындай учурда жеке унаасы бар жарандар коомдук транспорт күтүп зарыккан адамдарды жолдон ала кетип, жардам беришет. Себеби такси кызматын пайдалануу баарынын эле чөнтөгүнө туура келе бербейт. Такси кызматтарынын акысы ушул күндөрү эки эсе жогорулап кетти.

Атайын топ түзүп элди ташууга жардам берип жаткан активист жаштардын  бири — Илгиз Султан.

 Бул абдан туура эмес көрүнүш. Себеби нааразылык акциясын жасоо — мамлекетти, элди сыйлабагандык. Анда эртең мугалимдер айлыгыбыз аз деп балдарды окутпай койсун, дарыгерлер дарылабай койсун. Биз түшүнүү менен мамиле кылышыбыз керек да. Өкмөт менен фирма жетекчилери бир столго отурушу керек эле, өкмөт абалды түшүндүрүп жатат. Бирок кичи бустун айдоочуларын да түшүнсө болот. Ошол эле учурда, мамлекетке ультиматум тили менен нааразылык билдирүү өтө туура эмес.

Биз азыр жаштар жумушка кетип баратып, келе жатып, аялдамада турган мекендештерибизди сала кетип жатабыз. Ак-Босого конушунда жаштар тобу бар, алар да бул ишке жигердүү катышууда.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов транспорт компаниялары менен бир нече ирет жолугушууларды өткөргөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал бул маселени жалгыз чече албай турганын айтты.

Шаар бийлиги учурда тургундарды бекер ташыган автобустарды уюштурду:

№100 каттам боюнча Ички иштер министрлиги, «Дордой» ассоциациясы тарабынан берилген автобустар жана ошондой эле «Алга» футболдук клубу тарабынан берилген 18 орундуу автобус каттап жатат;

«Манас» эл аралык аэропортунан берилген автобустар 214-каттамда иштөөдө;

«Мадина» базары эки автобус бөлүп берди, алар №211 каттам боюнча убактылуу иш жүргүзөт;

Ошондой эле каттамга 110 автобус жана 141 муниципалдык троллейбус чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM