Биз менен байланышыңыз

Рейхан Инанды жубайын табуу иштерин тездетүүнү суранды

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 1809 | 0

3 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү, президенти Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды маалымат жыйын өткөрүп, президенттен жана укук коргоо органдарынан жубайын издеп табуу иштерин тездетүүнү суранды.

Ал жубайы Кыргызстандын жараны экенин белгилеп, Орнхан Инандыны издөөнү өз көзөмөлүнө алган президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан — биздин мекенибиз. Жубайым Кыргызстанды аябай жакшы көрөт. Аны тааныгандар муну жакшы билет. Президенттен, Кыргызстандын жетекчилеринен Орханды таап берүүсүн суранам! Аны күткөн көп киши бар», — деди ал.

Анын айтымында, Орхан Инандынын жеке жан сакчысы болгон. Бирок ал аны күндүз гана кайтарган.

«Кечки маал жан сакчысын көп колдончу эмес. Ал өзүн Кыргызстанда коопсуз сезгендиктен аны керектүү деп эсептечү эмес. Мен да коркпойм. Жубайым 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатканына карабай, өзүмдү Кыргызстанда коопсуз сезем», — дейт ал.

Рейхан Инандынын айтымында, Орхан Инандынын 85 жаштагы апасы бар. Азырынча ага уулунун жоголгону тууралуу айтыла элек.

Эскерте кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен.

Орхан Инанды боюнча митингге чыккандарды ЖК депутаттары кабыл алат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM