Connect with us

Орхан Инанды боюнча митингге чыккандарды ЖК депутаттары кабыл алат

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 836 | 0

31-майда уурдалып кеткен Орхан Инандыны колдоп митингге чыккан катышуучулардын 5 өкүлүн парламент депутаттары кабыл алат. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Айдина Маматисаева билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда митингдин 5 катышуучусун сүйлөшүү үчүн Жогорку Кеңештин ичине алып кирип кетишкен. Алар «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энелерден турган өкүлдөр экени айтылды.

Бүгүнкү митингдин катышуучулары депутаттардан бул маселени күн тартибине коюп талкуулоону, ошондой эле атайын комиссия түзүүнү талап кылышууда.

Белгилей кетсек, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемелеринин президенти, кыргыз жараны Орхан Инанды 31-май кечинде дайынсыз жоголгон. Аны издөө боюнча ИИМге президент Садыр Жапаров да тапшырма берген. Орхан Инандыны батыраак табуу боюнча митингдер үч күндөн бери уланууда. Бүгүнкү митинг парламенттин имаратынын астында өтүп, ага 200дөй киши чогулган.

Дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды ким? (өмүр баяны)

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM