Биз менен байланышыңыз

Казакстан аркылуу жүк ташыган айдоочулардын маселеси талкууланды

Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 334 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташыган кыргыз тараптын унааларынын кыргыз-казак чек арасындагы тыгыны маселесин чечүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

Ошондой эле Улукбек Марипов элчини Кыргызстандагы дипоматиялык ишинин башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматтагы ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM