Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан мобилдик интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөдө 2-орунда турат

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июн 2021 | 475 | 0

Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча мобилдик интернеттин оңойлугу жана баасынын төмөндүгү боюнча 2-орунда турат. Бул тууралуу инвестиция тартуу жана курулуш тармагындагы талдоочу Улукбек Турдубеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Мобилдик интернет дегенде, бул — Инстаграм менен Whatsapp. Ал эми соода жүгүртүү үчүн андан да күчтүү интернет, күчтүү маалыматтык-коммуникативдик технологиялар керек. Бул жаатта Кыргызстан дүйнөдө 180 мамлекеттин ичинен 100-орунда турат.

«Ал эми интернеттин камтуусу боюнча Кыргызстан Борбор Азиядагы 5 өлкөнүн ичинен 3-орунда турат. Биздин астыбызда Казакстан менен Өзбекстан бар», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM