Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту Бишкек мэриясына 4 автобус бөлүп берди

Кыска кабар | 2 Июн 2021 | 409 | 0

Бүгүн, 2-июнда Бишкекте маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштагандыктан «Манас» эл аралык аэропорту Бишкек мэриясына 4 автобус бөлүп берди.

«Кырдаал жөнгө салынмайынча, автобустар шаардыктарды 100 номурлуу автобус каттамы менен ташыйт», — деп айтылат маалыматта.

2-июнда Бишкекте маршруттук каттамдын айдоочулары иш ташташты. Каттамга троллейбус, автобустар гана чыкты.

Маршрутка ээлери иш таштай турганы бир күн мурун айтылган. Алар жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышууда.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында Бишкектеги маршрутка айдоочуларынын иш таштаганы жөнүндө маселе көтөрүлдү. Депутат Марлен Маматалиев фирма ээлери жол кире маселесин мэрия менен чечишип албай, эл кыйналып жатканын айтты.

Ал өкмөткө тапшырма берип, же протоколдук тапшырма менен маселени чечүүнү өтүндү. Ал жумушка чыкпай жаткандардын лицензияларын алуу маселесин карап көрүүнү сунуштады.

«Фирма ээлери маселелерин мэрия менен чечишип албайбы, элди эмнеге кыйнайт? Ар жылы эле ушундай көрүнүш болуп жатат, биз буга киришпесек болбой калды. Өкмөткө тапшырма беребизби, же комитетке тапшырабызбы, бул маселени чечүү керек. Мен билгенден 700дөй автобусту өзүбүз эле бекер алып келип берели, бизге каттамды бергиле десе, мэрия ага көңүл бурбай жатыптыр. Азыр иш таштап жаткандардын лицензиясын алып, ошолорго беребизби, айтор бул маселени чечүү керек», — деди депутат Маматалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM