Биз менен байланышыңыз

«Инандынын террорист экенин далилдеп беришсе, Кыргызстан өзү чара көрмөк»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июн 2021 | 1583 | 0

Кыргыз жаранынын башка мамлекет тарабынан уурдалып кеткени чын чыкса, анда бул  — кооптондура турган көрүнүш. Мындай пикирин Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, анда муну жасаган мамлекет Кыргызстандын территориясында мыйзамсыз операция жүргүзгөн болуп калат. Эгер андай эле Орхан Инандынын террористтик уюмдарга катыштыгы бар болсо, кайсы бир жерде теракт камдап жаткан болсо, анда биринчи бул тууралуу Кыргызстанга кабар берүү туура болмок. Анда кыргыз соту, кыргыз мыйзамдары менен чара көрмөк.

Белгилей кетсек, Түркияда 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракети болуп, бирок ал ишке ашпай калган. Анда түрк бийлиги АКШда жашаган, түркиялык дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана анын «Хизмет» кыймылынын колу бар деп күнөөлөп, бул кыймыл террордук уюм деп табылган. Анын алкагында «Хизмет» кыймылынын колдоосу менен ачылган дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы «Себат» эл аралык мектептеринде эмгектенген түрк жарандарына карата да сыртынан айыптоолор тагылган. Кыргызстандагы «Сапат» (мурунку «Себат») билим берүү мекемелерин жабуу боюнча да расмий Анкара кыргыз бийлигине бир нече ирет кайрылган. Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы «Сапат» мектептеринин тагдырын чечүү мамлекеттин ички иши экенин айткан. Ушундай эле өтүнүч, экс-президент Сооронбай Жээнбеков учурунда да көтөрүлүп, бирок кыргыз бийлиги буга реакция жасаган эмес. Ал эми дин аалымы Фетхуллах Гүлен Түркиядагы бийликти төңкөрүүгө аракет кылуу ишинде анын жамаатынын катыштыгы жок экенин айтып келет.

Ал эми учурда дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды Кыргызстанга 1995-жылы «Сапат» мектептерине мугалим болуп келген. Ал 26 жылдан бери Кыргызстанда жашап, 2011-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Коомдук ишмерлер, саясатчылар, маданият өкүлдөрүнүн Инанды тууралуу пикирлери

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM