Биз менен байланышыңыз

«Инандыны кылмыштуу топ уурдашы мүмкүн деген версияга олуттуу көңүл буруу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Июн 2021 | 438 | 0

Кечээ, 1-июнда УКМК 2019-жылы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Орхан Инандыны барымтага алууну көздөп жатышканы тууралуу маалымат болгонун, атайын кызмат ишкерге бул тууралуу эскертип, жан сакчы жалдоо сунушун бергенин жарыялаган.

Акыйкатчы Токон Мамытов «Маралга» берген маегинде, ыкчам иликтөө тобу муну орчундуу версия катары карашы керек деген пикирин билдирди.

«УКМК жөн жарыя кылбайт, мурда эскерткенбиз деп жатпайбы, демек аларда маалымат бар болчу. Орхан мырза да жалгыз жүрчү эмес экен, айдоочусу, жан сакчысы бар болчу экен. Демек ал киши деле коопсуздугу үчүн чара көргөн. Бирок дал ошол жоголгон күнү алар бир себептер менен жанында жок болуп калыптыр. Эмне себептен жанында болбой калды? Алар айткан себептер жүйөлүүбү? Укук коргоочулар ошонун баарын текшерип чыгышы керек. Буюрса, 1-2 күндө бир илинчек чыгат деп ойлойм, чыдап турушубуз керек», — дейт ал.

Дайынсыз жоголду делген Орхан Инанды ким? (өмүр баяны)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM