Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Кармалгандарды үй камагына алып деле тергесе болмок

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июн 2021 | 1112 | 0

Бийлик кечээ кармалган мурунку, азыркы чиновниктерди үй камагына алып деле тергесе болмок. Мындай пикирин саясатчы, экс-депутат Өмүрбек Текебаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Саясатчы бул чиновниктер кандай негизде кармалганын билбей турганын айтты.

«2003-2009-жылкы келишимдер боюнча аларды жоопко тартууга болбойт. Тилекке каршы, кылмыштын мөөнөтү өтүп кетти. Бүгүнкү камоолор алардын 2011-жылдан берки жасаган иш-аракеттери үчүн болсо керек. Жактоочулары деле билбейт экен, алар деле божомолдоп айтып отурушат. Аларды үй камагында кармап деле тергесе болмок. Бирок тергөө адилеттүү болот, күнөөсү жок болсо, түрмөдөн чыгат деп ишенгим келет», — дейт Текебаев.

Текебаев: Жаңы Баш мыйзамдан экоцид тууралуу беренени алып салышкан

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM