Биз менен байланышыңыз

Текебаев: Жаңы Башмыйзамдан экоцид беренесин алып салышыптыр

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Июн 2021 | 5119 | 0

«Кумтөр» боюнча жооптуу аткаминерлерге буга чейин далай жолу иш козголгон, бирок алар мыйзамга таянып, жоопкерчиликтен кутулуп кетишкен. Бул туурасында саясатчы, экс-депутат Өмүрбек Текебаев «Кумтөр» боюнча акыркы камоолор тууралуу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр» алтын кени боюнча 2003-жылкы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген, коррупциялык, талап-тоноочулук келишим деп табылып, ар кайсы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 5 жолу чечим кабыл алган. Бардык чечимдерде ошол келишимдерге жол берген, аны түзгөн, кол койгон чиновниктер жазасын алышы керек деп талап кылышкан. 2013-жылы 2003-жылкы келишимге кол койгон 10 чиновниктин үстүнөн иш козголуп, алар камалмак болгон. Бирок «Ар кандай кылмыш 10 жылдан кийин эскирет, он жылдан кийин адам ал кылмышы үчүн жооп бербейт» деген жобонун негизинде, 2013-жылдын 31-декабрында ал кылмышка 10 жыл толуп, иш кыскарып калган.

«Бирок мен мыйзамга өзгөртүү киргизип, «мамлекеттик чиновниктин кылмышы эскирбейт, ал — түбөлүктүү» деп чечим кабыл алдырткам. Бирок ошол кездеги бийлик «Мыйзам артка иштебейт» деп каршы болуп койгон. Кийин Алмазбек Атамбаев 2016-жылы Конституцияга  өзгөртүү киргизип жатканда «экоцид — бул чоң  кылмыш, ал кечирилбейт, мөөнөтү өтпөйт» деп жаздырган. «Кумтөрдү» каягынан караба, экоцид меселесине келип такалат. Бирок быйыл 2021-жылы апрелде болгон референдумда өтүп кеткен жаңы Конституцияда бул берене түшүп калыптыр. Бул — бүгүнкү камалгандарга өзүн коргоого шарт түзө турган жагдай», — дейт саясатчы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM