Биз менен байланышыңыз

Стивен Сигал «Адилеттүү Орусия» партиясына мүчө болду

Америкалык актёр Стивен Сигал «Адилеттүү Орусия — Акыйкат үчүн» партиясына мүчө болду. Бул тууралуу партиянын расмий сайтына жарыяланды.

Голливуд актёруна мүчөлүк билетти 29-майда өткөн партиялардын кошмо жыйынында тапшырышты. Ал буга чейин Захар (Евгений) Прилепин жетектеген «Акыйкат үчүн» партиясынын мүчөсү болуп келген.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын декабрь айында Сергей Миронов жетектеген «Адилеттүү Орусия», Геннадий Семигин жетектеген «Патриоттор», Захар Прилепин жетектеген «Акыйкат үчүн» партиялары бириккенин жар салган. Ушул жылдын 22-февралында үч партиянын бир партия катары жыйыны өтүп, төрагалыкка Сергей Мироновду, тең төрагалыкка Семигин менен Прилепинди шайлашкан.

Стивен Сигал 2016-жылдын ноябрь айында Орусиянын жарандыгын алган. Ага паспортту өлкө президенти Владимир Путин тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM