Биз менен байланышыңыз

АКШда учак көлгө кулап, Тарзандын ролун ойногон актер Жозеф Лара көз жумду

АКШнын Флорида штатын көздөй багыт алган Cessna C-501 чакан учагы Теннеси штатындагы көлгө кулап, 7 адамдын өмүрүн алды. Каза тапкандардын катарында бөбөктөрдүн сүйүктүү каарманы Тарзандын ролун жараткан америкалык актёр Жозеф Лара да болгон. Бул тууралуу кырсык болгон штаттагы Резерфорд округунун администрациясы жарыялаганын жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Учакта актёр Жозеф Ларанын аялы Гвен Шамблин болгону кабарланды. Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек. Учурда жеринде изилдөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Жозеф Лара дээрлик 30 жылдык чыгармачылык жолунда 30га жакын тасмада роль жараткан. Ал киноактёрлук карьерасын «Түнкү согуштар» фантастикалык фильминде эпизоддук роль ойноо менен баштаган. Лара ошондой эле «Малибу куткаруучулары», «Конан» сериалдарында да башкы каарманды ойногон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM