Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бир суткада 174 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 619 | 0

Кыргызстанда 31-майга карата коронавирус дагы 174 адамдан аныкталды. Бишкекте – 95, Ош шаарында – 26, Чүй облусунда – 7, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда 5 адамдан илдет табылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 244 адам коронавирустан айыгып чыккан. Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 696 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 653 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 136 бейтаптын абалы орто оордукта, 446 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 663 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 577 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 104 миң 729 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 98 миң 544 киши айыгып чыкса, 1 миң 808 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM