Биз менен байланышыңыз

Баткен: Президент Максат айылынын тургундары менен жолугушту

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 903 | 0

Бүгүн, 27-майда президент Садыр Жапаров Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт.  Алгач кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Лейлек районунун Максат айылына барды.

Өлкө башчысы кыйраган үйлөрдү жана социалдык объектилерди көрүп чыгып, эл менен баарлашты жана облуска мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жатканын жана мындан ары да көңүл буруларын белгиледи.

Бир дагы жергиликтүү тургун колдоосуз калбай турганына ишендирди.

Ошондой эле гуманитардык жардамдарды даректүү бөлүштүрүүчү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM