Биз менен байланышыңыз

31-майга чейинки аба ырайы

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 310 | 0
Автор: Зафер Динжер

Кыргызгидромет борбору 27-майдан 31-майга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

27-31-майларда Чүй облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-майда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

28-майда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

29-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.

30-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

31-майда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-майларда жана 30-майда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

27-31-майларда Бишкек шаарынын аба ырайы

27-майда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

28-майда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

29-31-майларда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

27-31-майларда Талас облусунун аба ырайы

27-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

28-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз айрым райондордо өткүн өтүшү, тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн.

29-майда күн ачык болот.

30-майда түнкүсүн күн ачык болот. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.

31-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-майларда жана 30-майда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

27-31-майларда Талас шаарынын аба ырайы

27-майда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

28-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

29-майда жана 30-майда түнкүсүн жаан жаабайт.

29-31-майларда жаан жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-майларда Ош облусунун аба ырайы

27-майда түнкүсүн тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан жаабайт.

28-майда жана 29-майда түнкүсүн жаан жаабайт. 29-майда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө жаан жаабайт.

30-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

31-майда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-майларда жана 30-майда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-31-майларда Ош шаарынын аба ырайы

27-29-майларда жана 30-майда түнкүсүн жаан жаабайт.

30-майда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

31-майда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

27-31-майларда Жалал-Абад облусунун аба ырайы

27-майда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан жаабайт.

28-майда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан жаабайт.

29-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.

30-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

31-майда түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-майларда жана 30-майда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

27-31-майларда Жалал-Абад шаарынын аба ырайы

27-29-майларда жана 30-майда түнкүсун жаан жаабайт.

30-майда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

31-майда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

27-31-майларда Баткен облусунун аба ырайы

27-28-майларда жана 29-майда түнкүсүн жаан жаабайт.

29-майда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, өрөөндөрдө жаан жаабайт.

30-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

31-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-28-майларда жана 30-майда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

27-31-майларда Баткен шаарынын аба ырайы

27-29-майларда жана 30-майда түнкүсүн жаан жаабайт.

30-майда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

31-майда түнкүсун жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

27-31-майларда Ысык-Көл облусунун аба ырайы

27-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаабайт.

28-31-майларда кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-29-майларда жан 30-майда кундүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

27-31-майларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларынын аба ырайы

27-майда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

28-майда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтөт.

29-майда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтөт.

30-майда жаан жаабайт.

31-майда түнкүсүн күн ачык, күндүз бүркөө болушу мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-майда 15-20 метрге жетет.

27-31-майларда Нарын облусунун аба ырайы

27-28-майларда кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

29-майда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

30-майда түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

31-майда кээ бир райондордо өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-29-майларда жан 30-майда кундуз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

27-31-майларда Нарын шаарынын аба ырайы

27-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

28-майда түнкүсүн жаан жаайт, күндүз өткүн өтөт.

29-майда түнкүсүн жаан жаайт, күндүз өткүн өтөт.

30-майда түнкүсүн күн ачык, күндүз бүркөө болот.

31-майда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-майда 15-20 метрге жетет.

Copyright © 2017 Maral FM