Биз менен байланышыңыз

JIA Бизнес ассоциациясы ишкер айымдарга колдоо көрсөтүүдө

Коом , Кыска кабар | 26 мая 2021 | 1917 | 0

Өткөн жылдагы пандемия, саясий кризис өлкөнүн экономикасына сокку уруп, ишкер чөйрөгө кыйла оорчулук жаратканы буга чейин бир канча ирет айтылганы менен бул чөйрөнүн көйгөйү, маселелери учурда деле толук кандуу чечилбей келет. Пандемиядан, саясий башаламандыктан улам айрым ишкерлер бизнесин убактылуу токтотсо, айрымдары толугу менен жабууга аргасыз болушту. Бул маселелерди чечүү жана экономикалык кризистен чыгуу үчүн JIA Бизнес ассоциациясы «Айым ишкерлерге насаатчылык» программасын баштаган. Долбоордун алкагында ишкердиги өз калыбына түшүп, бизнес жаатында кыйла тажрыйба топтогон аялдар (ментор) менен бул чөйрөгө аралашууга аракет жасаган кыз-келиндердин (менти) ортосунда атайын пикир алмашуулар жүрүп келет. Тактап айтканда, менторлор ментилерге кеп-кеңешин айтып, насаатын берет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) колдоосу менен JIA Бизнес ассоциациясы тарабынан уюштурулуп келе жаткан «Айым ишкерлерге насаатчылык» программасы былтыр ноябрь айында старт алган. Алгач насаатчылар тандалып, атайын окутуудан өткөрүлүп, андан кийин алардан сабак ала турган окуучулар тандалган. Өзгөчө аймактарга көбүрөөк басым жасалып, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынан келген 120 менти менторлорго бөлүштүрүлүп берилген. Кырдаалга байланыштуу окутуу онлайн өткөрүлүүдө.

Бүгүн Бишкек шаарында ушул долбоордун алкагында атайын иш-чара болуп өттү. Анда 15 ментор жүзмө-жүз көрүшүп, иштөө тажрыйбалары боюнча пикир алышып, экономикадагы жаңы ыкмаларды колдонуу, бизнести учурдун суроо-талабына ылайык өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

«Эмне себептен аял ишкерлерге басым жасалды?» деген сурообузга JIA Бизнес ассоциациясынын директорунун орун басары Мунара Мураталиева төмөнкүдөй жообун узатты:

«Бул долбоор ишкер айымдарды колдоо максатында иштелип чыккан. Анткени ишкердикте эркектерге караганда аялдарда тоскоолдуктар көбүрөөк, түйшүгү да чоң. Мисалы: үй-бүлөсү, туугандары тарабынан колдоонун жоктугу, активдердин жоктугу, үй чарбасынын милдеттери, балдарды тарбиялоо. Ошентип бул долбоор менен ишкер айымдар бизнес маселелерин натыйжалуу чечүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат», — деди Мураталиева.

«SVETOFOR маркетплейс» компаниясында иштеген ментор Фариза Чилмергенова 3 жаш кыз менен иш алып барат. Ал өз шакирттерин дайыма шыктандырып, дем берип турарын, насаатчылыктан аябагандай чоң пайда алганын айтат.

«Чынында мага насаатчылык кылуу аябай көп пайда алып келди. Мен иштешкен ишкерлерден өзүм үчүн да көп нерселерди үйрөнүп жатам. Аларды атайын методология менен үйрөтөм. Ал чоң максатты майда максаттарга бөлүп, ошону ирети менен аткаруу болуп саналат. Ошондой эле рынок шартына жараша ийкемдүү болууну жана өзүңдүн чоң максатыңа жете турган майда максаттарыңды убакытка жараша өзгөртүп турууну үйрөтөм», — деди Чилмергенова.

«Академия Роста» билим берүү академиясынын негиздөөчүсү Сайкал Асылбекова айрыкча аймактарда аялдарга «үйдө отур, оокат жаса, балдарды тарбияла» деген сыяктуу басым-кысым өтө көп болоруна тынчсызданат. Анын айтымында, ушул сыяктуу стереотиптер аялдын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратууда. Аял канчалык билимдүү болсо, балдарына жакшы тарбия берип, коомго да чоң салымын кошот. Андыктан мындай көз караштардан тезирээк арылып, ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү зарыл.

«Ишкер болуу — аялдын жумушу эмес» деген сыяктуу стереотиптер туура эмес. «Билимдүү аял — өнүккөн өлкө» деген учкул сөздө айтылгандай, аялдан көп нерсе көз каранды. Аял киши ийгиликтүү болсо, ал ириде балдарынын ийгиликтүү болушуна түрткү берет. Ошон үчүн биз «аялдык ишкерчиликти» өнүктүрүшүбүз керек. JIA менен ПРООН биргеликте өткөзүп жаткан долбоор абдан керектүү», — деди Асылбекова.

JIA Бизнес ассоциациясынын директору Фархад Пакыров Кыргызстанда ишкерлерди колдоо саясаты өтө төмөн экенин белгилейт. Маселен, аймактардагы ишкерлерде маселе туулса, алар эч кимге кайрыла албайт. Ошол эле учурда аял ишкерлер менен иштешүү, аларды колдоого алуу дээрлик жокко эсе. Мындан улам JIA Бизнес ассоциациясы долбоорду 2027-жылга чейин узартып, айрыкча элеттеги аялдар менен тыгыз иштешүүнү максат кылат.

«Мисалы, Баткендеги же Нарындагы ишкерди алып карасак, алар менен ким иштешери, эгерде маселе туулса, кимге кайрылышары чоң маселе. Ал эми «аял ишкерлер менен ким иштейт?» деген суроого — тилекке каршы, такыр эле жооп жок. Ошондуктан биз ассоциация катары бул маселени сырттан эле карап отурбай, өзүбүздүн салымыбызды кошуп, стратегиялык план иштеп чыктык. 2027-жылга чейин биз 1000 аял ишкердин башын бириктирип, өзүнчө иш алып барабыз деген так максатыбыз бар», — деди Пакыров.

Белгилей кетсек, 7 жылдык мөөнөткө түзүлгөн «Айым ишкерлерге насаатчылык» программасы JIA Бизнес ассоциациясы жазып чыккан стратегиялык пландын негизинде иш алып барат. Анын алкагында, насаатчы ишкер, окуучу ишкер, тактап айтканда, ментор-менти маданиятын кеңири жайылтуу маселеси да каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM