Биз менен байланышыңыз

Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 368 | 0

Кыргызстандын айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү максатында өнөктөштөр арасында Координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Кеңештин негизги милдети Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттердин кызматташтыгын чыңдоо үчүн колдо болгон техникалык жардамды координациялоо, макулдашылган саясатты жүргүзүү болуп эсептелет.

Координациялык кеңештин негизги багыттары:

  • Азык-түлүк коопсуздугу;
  • Органикалык айыл чарбасы;
  • Климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу;
  • Кластерди өнүктүрүү;
  • Айыл чарбасын санариптештирүү;
  • Өндүрүлгөн продукцияларды жаңы базарларга алып чыгуу.

«Бүгүнкү күндө айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн жана экономикалык потенциалды кеңейтүүнүн бир нече артыкчылыктуу багыттарын аныктап жатабыз. Координациялык кеңеш катализатор жана талкуу аянтчасы болуп, айыл чарбасын санариптештирүүгө жана инновацияларды өнүктүрүүгө, жалпы агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө жардам берет», — деди министр Аскарбек Жаныбеков.

Кеңештин курамына мамлекеттик органдар, Кыргызстандын чет мамлекеттердин элчиликтери, донорлор, эл аралык уюмдар кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM