Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Томас жана Ко» компаниясы Ташиевге таандык эмес

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 773 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда күйүп кеткен май куюучу жайлардын бири Камчыбек Ташиевге таандык эмес экенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 26-майда маалымат таратып, «Томас жана Ко» компаниясы Камчыбек Ташиевге 2016-жылга чейин гана таандык болгонун билдирди. Компания учурда кимдики экени белгисиз.

«Бул билдирүүлөр чагымчыл адамдар тарабынан атайылап жайылтылып, УКМКнын жана жетекчилигинин ишмердигин жаманатты кылуу аракети көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

УКМК билип туруп жалган маалымат тараткандар мыйзамдарга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM