Кыргызстанда акыркы күндөрү жарандар эмгек өргүүсүнө жана эс алууга кеткенде батирлерге ууру кирген фактылар көп катталууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик мындан улам үйлөрдү уурулардан кантип коргоо керектиги тууралуу кеңеш берди.

— Үйдөн чыгардан мурун бардык терезелерди, эшиктерди, желдеткичтерди бекем жабыңыз, кайра бир сыйра текшерип чыгыңыз;

— Үйүңүздү узак убакытка кароосуз калтырбаганга аракет кылыңыз. Эгер узак убакытка кетип жатсаңыз, сигнализация орнотуп же камсыздандырып койгонуңуз оң;

— Видеокөзөмөл орнотуңуз, муляж да орнотсо болот. Кылмышкер видеокөзөмөлдүн иштеп жатканын текшербейт. Жабдуулар кылмышкерлерди өзүнүн кылмыштуу оюн ишке ашыруудан кайтууга жардам берет;

— Эгерде сиздин үйүңүз биринчи же алдынкы кабатта, ошондой эле суу түтүктөрүнүн жана өрт коопсуздугу үчүн орнотулган тепкичтердин жанында жайгашса, терезе торчолорун (решетка) орнотуңуз;

— Балдарга чоочун адамга эшиктерди ачпоону үйрөтүңүздөр. Көп учурда уурулар чоң адамдар жок кезде, сантехник, электрик, газдын иштөөсүн текшерген кызматкер болуп келип, кырдаалды изилдеп, жабырлануучуну аныкташат;

— Турак жайыңызга тааныш эмес адамдарды киргизбеңиз. Эгерде өздөрүн коммуналдык кызматкер катары тааныштырса, аны тастыктаган документтерин сураңыз же ошол уюмга чалып тактаңыз.

Эгерде сиз батир уурулугунун курмандыгы болсоңуз, анда:

— өзүңүздү колго алып тынчтаныңыз, андан соң милицияга 102 номери аркылуу чалыңыз;

— үйүңүздү карап чыгыңыз, жоголгон буюмдарыңызды тактап, тизмесин түзүңүз;

— эгерде үйүңүздө кылмышкерге туш болуп калсаңыз, жакындарыңыздын жана өзүңүздүн өмүрүңүздү коргоңуз. Алар менен чыр-чатакташпай, анын жүзүн эстеп калууга аракет кылыңыз. Бул анын кармалышын тездетүүгө жана буюмдарыңызды кайтарып берүүсүнө жардам берет.

Ошондой эле сиз үйлөрдү жана батирлерди коргоо боюнча мамлекеттик кызматтарды колдоно аласыз. Толук маалыматы төмөндөгү шилтемеден алсаңыз болот: https://mvd.gov.kg/rus/services/protection