Биз менен байланышыңыз

Марипов айрым дары-дармектер үчүн жеңилдиктерди алып салууну тапшырды

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 286 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кошумча нарк салыгынан бошотулган дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдардын тизмесин жаңылоону сунуштады.

Анын айтымында, КНСтен бошотулган дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеси 2013-жылы бекитилген. Анда 161 аталыш көрсөтүлгөн.

Тизмеде жашоо үчүн маанилүү болбогон дары-дармектер да бар. Ошонлуктан жашоо үчүн маанилүү дарыларды гана калтырып, калгандары үчүн КНС киргизүү сунушталды.

«Кеңешмелерде талкуу жүрүп жатканы менен жаңы тизимди аныктай албай келебиз. Эгер кийинки кеңешмеге себептери негизделген жаңы тизме даяр болбосо, анда көптөгөн жетекчилер менен коштошууга аргасыз болобуз. Антпесе бул узакка созулуп, дары-дармекти жеткиликтүү баада сатып ала албаган катардагы жарандар жапа чегип калат», — деди  Улукбек Марипов.

Маалыматка караганда, салыктык жеңилдиктердин айынан республикалык бюджет жыл сайын 25 миллиард сомго чейин жоготот. Негизги товарлар Орусиядан келет, бирок андагы жана бул жердеги бааларда чоң айырмачылыктар бар.

Мариповдун айтымында, дары-дармек жеткирүүчүлөр жана дарыкана тармагы акча табат, ал эми карапайым калк кыйналууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM