Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги үч көчөдө Кытай грантынын эсебинен оңдоо иштери башталды

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 308 | 0

Кытай грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында, Бишкектин дагы үч көчөсүндө жол оңдоо иштери башталды.

Жолдун эки четине тротуарлар жана ирригациялык тутум кошо курулат.

-Абдымомунов көчөсү Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;

— Жукеев-Пудовкин көчөсү Кулатов көчөсүнөн  Ахунбаев көчөсүнө чейин;

— Матросов көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө куруу иштери башталды.

Буга байланыштуу унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет.

«Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул аралыкта 5 көпүрө куруу жана узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Тизмеге кирген көчөлөр кеңейтилип, кайра жасалат, баарында тротуарларды, ирригациялык тармактарды салуу каралган.

Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлөт, ишти кытайлык «China Road» жана «Bridge Corporation» компаниялары аткарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM