Кыргызстанда 26-май түшкү убакытта АКШ долларынын сомго карата курсу кайрадан жогорулаганы байкалды. Эртең мененки саат 9.00дө 1 доллар 82 сомдун тегерегиде болчу, азыр 83 сомго чыкты.
Бишкектеги коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар 1 АКШ долларын 83 сом 5 тыйындан сатып алып, 83 сом 44 тыйындан сатууда. Улуттук банктын расмий курсу бүгүн 83 сом 25 тыйын болууда.