Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздө 3 жаштагы бала ур-токмоктон каза болду

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 623 | 0

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 3 жаштагы бала ур-токмоктон улам каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

15-май күнү Жети-Өгүз райондук ИИБине аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда болжол менен күндүзгү саат 12:32 чамасында Кызыл-Суу айылынын тургундары эс-учун жоготкон, денесинде көгала тактары бар 3 жашар баланы ооруканага алып келгени айтылат. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көп узабай чарчап калган.

Милиция бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Жагдайды аныктоо максатында тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган.

Күбөлөрдү сурамжылоо учурунда 3 жаштагы баланы апасы 33 жаштагы М.Г. аттуу кудачасына таштап, өзү Орусияга иштегени кеткени маалым болгон.

Ошол кудачанын айтымында, 15-май күнү болжол менен түшкү саат 12:00 чамаларында наристенин талмасы кармап, тепкичтен кулап түшкөн. Ал эми денесиндеги көгала тактар аны бир нече жолу чымчып койгондуктан пайда болгонун айтып берген.

Соттук-медициналык экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча, баланын мээси чайкалганы аныкталган.

Бул факты боюнча шектүү катары 33 жаштагы аял райондук милиция бөлүмүнө алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM