Биз менен байланышыңыз

27-майда көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 374 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 27-майда түнкүсүн Нарын, Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарынын айрым райондорунда жана тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын бир топ райондорунда, Ош, Жалал-Абаддын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет, айрым райондорду шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз  +28…+33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Нарын жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз+22…+27;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM