Биз менен байланышыңыз

Аалымдар кеңеши мамлекеттик кызматкерлерден басым болуп жатканын айтты

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 2263 | 0

Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо конкурсу айрым мамлекеттик кызматтын өкүлдөрүнүн түздөн-түз кийлигишүүсү менен өтпөй калды.

Бул тууралуу Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Абдиманап Масалиевдин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусунда айтылат.

Конкурстун талапкерлери өлкөнүн бардык облустарынан келген. Бирок сынак ушуну менен экинчи жолу токтотулду. Аалымдар кеңеши мындай абалда 29-майдагы Курултай да убагында өтпөй калуу коркунучу бар экенин эскертет.

«Мамлекеттик мекеменин өкүлдөрү пандемиялык абал боюнча Бишкек шаардык санэпид мекемесинин мурунку чектөөлөрдү күчүндө калтыруу боюнча чечимин жүйө кылышууда», — деп айтылат кайрылууда.

Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Абдиманап Масалиев президенттен Муфтияттын айланасындагы көйгөйлөргө көңүл буруп, курултайга байланыштуу коопсуздук чараларын түзүүнү өтүнгөн.

Айрыкча, акыркы күндөрдөгү Муфтияттын айланасындагы олку-солку абал ушуну талап кылып жатканы айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM