Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Toyboss Night Run-2021» түнкү марафону өтөт

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 524 | 0

19-июнда Бишкекте жыл сайын өткөрүлүүчү «Toyboss Night Run-2021» түнкү марафону өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын  уюштуруучусу «Nomad Sport» маалымдады.

«Toyboss Night Run-2021» — Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп туруучу жалгыз түнкү марафон болуп саналат. Ага 14 жаштан жогору бардык спорт ышкыбоздору катыша алат.

Быйыл үчүнчү ирет өтүп жаткан бул марафонго 2000дей катышуучу келери күтүлүүдө. Мурунку жылдагы иш-чаралардан айырмаланып, бул ирет марафон социалдык аралыкты сактоо менен өткөрүлөт.

Старт «Аю-Гранд» соода борборунун алдында башталып, Ч. Валиханов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки жаңы салынган трассада чуркашат. Катышуучулар 5, 10, 21,1 км аралыкта жарышат.

Эскертүү! Иш-чаранын датасы, катышуучулардын саны өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн.

Марафондон түшкөн каражат Кара-Балта шаарындагы балдардын кризистик борборуна кайрымдуулук үчүн берилет.

Толук маалымат алуу жана түнкү марафонго катталуу үчүн «Nomad Sport» компаниясына байланышыңыз: Кеңсе дареги: Токтогул көчөсү, 171/1. Байланыш номери: +996 554 60 07 07. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM