Биз менен байланышыңыз

ЖАМК: Абактан качууга аракет кылгандардын бири өлтүрүлдү

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 447 | 0

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү жайынан качууга аракет кылган эки адамга курал колдонулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

26-майга караган түнү саат 02:40тар чамасында 58 жана 22 жаштагы эки соттолуучу абактын негизги тосмосу аркылуу качууга аракет кылышкан. Алар адам өлтүрүү жана жашы жете электерди зордуктоо беренелери менен соттолуп, 10 жана 21 жылга эркинен ажыратылган.

Күзөтүүдө турган кызматкер эскертүү иретинде ок чыгарган. Кийин качып бараткандарга карай ок чыгарып, бирөө жеринен каза болуп экинчиси кармалды. Учурда абактан качуу аракети боюнча тергөө иши башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM