Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Тажикстандын чартердик каттамын артка кайтарды

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 2294 | 1

Тажикстандын Душанбе шаарынан «Манас» аэропортуна келген чартердик каттам артка кайтарылды. Бул тууралуу «Маралга» «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады.

«Сомон Эйр» авикомпаниясынын чартердик каттамы 25-майда түнкүсүн келген. Бирок ал чек аралардын убактылуу жабылганына байланыштуу Кыргызстанга кое берилген жок.

Учурда аба майданда тажик жарандары жок, учак артка кеткен. Учактын бортунда 186 жаран болгон. Анын 177си тажикстандык, тогузу башка өлкөнүн жараны болгон. Тажикстандыктар артка кайтырылып, үчүнчү өлкөлөрдөн келген 9 жаран Бишкекте калган. Учак түнкү саат 03:17де Душанбеге кайра учкан.

«Манас» эл аралык аэропорту 300дөй тажик жараны аба майданда кармалып калды деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын эскертет.

УКМКнын Чек ара кызматы 25-майда Кыргызстан Тажикстан менен чек араcына убактылуу чектөөлөрдү киргизген.

Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө жана транзиттик өлкө катары пайдалануусуна чектөө коюлду.

Ошондой эле Тажикстанга «Кулунду-Автодорожный», «Кайрагач-Автодорожный», «Кызыл-Бел-Автодорожный», «Бордо-Автодорожный» жана «Карамык-Автодорожный» өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү чектелди.

Кыргызстан киргизген чектөөлөр айрым учурларга тиешеси жок:

-Кыргызстан жана Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн;

-чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн;

-Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары үчүн (тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашуудан кийин).

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандары Кыргызстанга кайтып келе алышарын, ал эми Кыргызстандын аймагында болгон тажик жарандары чек арадагы өткөрүү пункттары аркылуу Тажикстанга кете алышарын эскертет.

Кыргыз-тажик чек арасында 28-29-30-апрель күндөрү куралдуу кол салуу болуп, Кыргызстандын 36 жараны каза болгон.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур. Башкортостан

    01.06.2021 06:22

    Кыргызстан мамлекет катары аброюн сакташ керек. Тажиктерге сабак болушу керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM