Биз менен байланышыңыз

Таласта суу ташкыны 40ка жакын үйдүн короосун каптады (видео)

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 526 | 0

Талас облусунда суу ташкыны 37 үйдүн короосун каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Алдын ала маалыматка караганда, Бакай-Ата районунда 25-майда кечки саат 18:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары каналга батпай, Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун жана Бердике айыл аймагындагы болжол менен 70 гектар айдоо жерин каптаган.

Жерине айыл аймактан бир жүктөгүч, бир экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши жана ӨКМдин 15 кызматкери тартылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM