Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу төмөндөөдө

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 944 | 0

Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу төмөндөп жатат. Бүгүн, 26-май эртең мененки саат 9.00гө карата коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 82 сомдун тегерегинде болууда.

Улуттун банктын расмий курсу 26-майга карата 83 сом 62 тыйын. Бул кечээкиге караганда 45 тыйынга төмөндөдү.

Өлкөдө пандемия учурунда АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсу жогорулап кеткен. Эң жогорку курс 85 сомго чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM