Биз менен байланышыңыз

Товарларды Amazon аркылуу сатуунун артыкчылыктары

Блог , Экономика | 25 мая 2021 | 3668 | 0

Дүйнөдөгү электрондук коммерция боюнча эң ири платформалардын бири, америкалык Amazon компаниясы кыргызстандык өндүрүүчүлөргө товарларын түз сата турган аянтча бермей болду. Тактап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн ачты. Эми Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү Amazon сайтына түз катталып, товарларын дүйнө жүзүнө сунуштай алат.

Биз электрондук соода боюнча Amazon аркылуу товар саткан ишкер Тилек Токтоналиев менен маектешип, Amazon аркылуу соода жүргүзүү ишкерлерге канчалык пайдалуу болорун сурап көрдүк.

— Тилек мырза, саламатсызбы? Эми кыргызстандык өндүрүүчүлөргө Amazon аркылуу товарын түз сатууга мүмкүнчүлүк берилди. Ишкер катары айтсаңыз, сиздер үчүн кандай шарттар түзүлөт?

— Биринчиден, Кыргызстандын сатуучуларынын Amazonдун тизмесине киргени абдан жакшы кабар болду. Анткени бул ишкерлер үчүн сонун мүмкүнчүлүк десек болот. Эми алар Amazonго түздөн-түз кирип, өзүнө аккаунт ачып, ошол жерден өздөрүнүн товарларын дүйнө жүзүнө сатууга шарт түзүлөт.

— Буга чейин кандай кыйынчылыктар болуп турган?

— Мурда кыргызстандыктар үчүн эң биринчи кыйынчылык Amazonдо аккаунт ачуу болгон. Себеби буга чейин уруксат жок болчу да. Ошондуктан кыргыз жарандар өздөрүнүн паспорту аркылуу аккаунт ача алчу эмес, өзүнүн товарын сыртка сата алчу эмес. Буга байланыштуу Amazondon сатуу өтө эле кыйын болчу.

Ошон үчүн башка өлкөлөр аркылуу аккаунттарды сатып алып иштешчү. Бирок анда да бир топ кыйынчылыктар болчу, албетте.

— Amazon аркылуу товарларды сатуу менен соода көбөйүп, жакшы натыйжа берет десек болобу?

— Негизи, жакшы натыйжа берет. Бирок бир нерсе бар: бул жактагы товарды Amazonго жеткирүү маселеси оор болуп калышы мүмкүн. Анткени Кыргызстандан Америкага товар жөнөтүү кымбат. Эгерде товар көп жана көлөмдүү болуп, Америка рыногуна кирип иштейм деген пландар болсо, анда деңизи бар өлкөлөр аркылуу жөнөтсө, арзаныраак түшөт. Себеби Кыргызстандан учак аркылуу гана жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар, а бирок учак менен жөнөткөндө, баасы кымбатыраак болот.

— Amazon аркылуу сатууну башкаларга сунуштайсызбы?

— Ооба, албетте. Ушундай чоң, күчтүү экономиканын ичинде ишкер өзүнүн товарын сатып, ийгиликтүү иштерди жүргүзсө болот. Эгерде Amazon аркылуу сатууга кызыгып жүргөн жарандарыбыз болсо, мүмкүнчүлүктөрдү колуңуздан чыгарбай, тез арада аккаунт ачып, үйрөнүп, сатып баштаңыз. Көп нерсени Amazon биздин ордубузга кылып берет. Башында ишкер же жарандарга компьютер менен эле интернет керек болот. Бара-бара жумушу жогорулаган сайын, балким офис ачып, кызматкерлерди жумушка алып, ири долбоорлор менен иштесе болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM