Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Тажикстандын жарандарына убактылуу чектөөлөрдү киргизди

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 3433 | 0

Кыргызстан Тажикстан менен чек араcына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Чектөөгө ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө жана транзиттик өлкө катары пайдалануусуна чектөө коюлду. Ошондой эле Тажикстанга «Кулунду-Автодорожный», «Кайрагач-Автодорожный», «Кызыл-Бел-Автодорожный», «Бордо-Автодорожный» жана «Карамык-Автодорожный» өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү чектелди.

Кыргызстан киргизген чектөөлөр айрым учурларга тиешеси жок:

-Кыргызстан жана Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн;

-чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн;

-Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары үчүн (тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашуудан кийин).

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандары Кыргызстанга кайтып келе алышарын, ал эми Кыргызстандын аймагында болгон тажик жарандары чек арадагы өткөрүү пункттары аркылуу Тажикстанга кете алышарын эскертет.

Кыргыз-тажик чек арасында 28-29-30-апрель күндөрү куралдуу кол салуу болуп, Кыргызстандын 36 жараны каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM