Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Райондорго мыйзам чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 24 мая 2021 | 448 | 0

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмамбет Матубраимов «Маралга» берген маегинде, райондорго мыйзам чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берүү керектигин баса белгиледи.

Ал учурда Кыргызстанда калкынын саны жагынан айырмаланган райондор бар экенин айтып, административдик-территориялык реформа жасоо зарылдыгы турганын айтат.

«Аткаруу бийлигинде республикалык, облустук, райондук, айыл өкмөттүк башкаруу бар. Сот системасында да ошондой. А мыйзам чыгаруу жаатында Жогорку Кеңеш бар, айыл өкмөт бар. Ортосунда бардык жерден аксоолор болуп атат. Канткенде да реформа жасагандан кийин мүмкүнчүлүктү беришибиз керек. Райондук, аймактык бийликке берсек, сөзсүз түрдө райондук мыйзам чыгаруу бийлиги өзүнө ырааттуу иштеп бере турган мыйзамдарды чыгарат. Ошондо гана райондор иштейт, өнүгөт десек болот», — дейт ал.

Матубраимов: орточо 250-350 миңге чейин адам жашагандай 30 район түзүлсө болот

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM