Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: орточо 250-350 миңге чейин адам жашагандай 30 район түзүлсө болот

Кыска кабар , Пикирлер | 24 мая 2021 | 729 | 0

Бирөөсүндө орточо 250-350 миңге чейин адам жашагандай 30 район түзүлсө, бийликтин 3 бутагына бирдей иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Мындай пикирин мурдагы биринчи вице-премьер-министр Алмамбет Матубраимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал учурда Кыргызстанда калкынын саны жагынан айырмаланган райондор бар экенин айтып, административдик-территориялык реформа жасоо зарылдыгы турганын белгиледи.

«Бизде бир райондо 30 миң киши жашаса, экинчи райондо 480 миң киши бар. Буларды жашоочуларынын саны бирдей болгондой кылып бөлсөк, ошондо башкаруу системасы да өзгөрмөк, бийликтин 3 бутагына бирдей иштегенге мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Азыр акимдерди шайлап жатабыз, алар  күчсүз. Президент келип, эки баштуу аткаруу бийлигин бир баштуу кылып койду. Бул — жакшы нерсе.

Экинчиден, аткаруу бийлигинде республикалык, облустук, райондук, айыл өкмөттүк башкаруу бар. Сот системасында да ошондой. А мыйзам чыгаруу жаатында Жогорку Кеңеш бар, айыл өкмөт бар. Ортосунда бардык жерден аксоолор болуп атат. Канткенде да реформа жасагандан кийин мүмкүнчүлүктү беришибиз керек. Райондук, аймактык бийликке берсек, сөзсүз түрдө райондук мыйзам чыгаруу бийлиги өзүнө ырааттуу иштеп бере турган мыйзамдарды чыгарат. Ошондо гана райондор иштейт, өнүгөт десек болот», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM