Биз менен байланышыңыз

Марипов: Акимдерди ротациялоо чечими оңдуу натыйжа берет

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 521 | 0

Акимдерди ротациялоо райондорду өнүктүрүүдө оңдуу натыйжа берет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Ноокат шаарынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

«Президент тарабынан район акимдерин кайрадан дайындоо тууралуу жарлыкка кол коюлду. Бул жолу биз район башчыларын дайындоо принцибин толугу менен өзгөртүүнү чечтик. Өлкө түштүгүндө иштегендер эми түндүк тарапка, ошондой эле түндүк тараптагылар түштүккө багытталат. Мунун бардыгы жер-жерлердеги орнотулган ыкмаларды жоюу иретинде жасалууда. Жаңыча иштеп баштоо керек. Биз акимдердин натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзөбүз, инвесторлорду тартабыз, ал эми жергиликтүү жетекчилер аларга ишенип берилген аймактагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үстүндө түздөн-түз иш алып барышы керек», — деди ал.

Андан соң Марипов Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы стационардык оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты жана медициналык кызматкерлер менен пикир алышты.

«Пандемия дарыгердин кесиби канчалык маанилүү экенин көрсөттү. Ар бир үй-бүлө жок дегенде бир жолу медициналык жардам сурап кайрылганын ишенимдүү айта алам. Ошондуктан, биз биринчи кезекте дарыгерлердин айлыгын 50%га көтөрүүнү чечтик. Бул башкы дарыгерлерге гана эмес, ошондой эле бардык медициналык персоналга тиешелүү. Бул жетишсиз экендигин мен түшүнөм. Келечекте биз сөзсүз түрдө бардык медиктерди татыктуу эмгек акысы менен камсыздайбыз», — деди Улукбек Марипов.

Эске салсак, кечээ, 22-майда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, мамлекеттик администрациялардын башчылары — облустардагы райондордун акимдери дайындалды жана бошотулду.

Ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан жалпы республика боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары аттестациядан өткөрүлдү. Мындан тышкары, Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервине талапкерлерди тандоодон өткөздү.

Өлкөдөгү райондордун акимдери ротацияланды

Copyright © 2017 Maral FM