Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында каратэ-до боюнча мелдеш өттү

Кыска кабар | 23 мая 2021 | 300 | 0

Ош шаарынын каратэ-до боюнча тестиерлер жана өспүрүмдөр арасында ачык чемпионат болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мелдешке Ош шаарынан тышкары Ош, Ысык-Көл, Чүй облустарынан келген 5 жаштан 17 жашка чейинки 300дөн ашуун тестиер жана өспүрүм 37 салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Маалым болгондой, шаардык чемпионаттын жеңүүчүлөрү республикалык жана эл аралык турнирлерде ат салышуу мүмкүнчүлүгүн алат. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM