Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстан «Кумтөрдүн» алтынын сата алат

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 733 | 0

Кыргызстан «Кумтөрдө» өндүрүлгөн алтынды сата алат. Бул тууралуу «Кумтөрдүн» ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Жапаровдун айтымында, кокус «Центерра Голд» санкция жарыялап калса, «Кумтөрдүн» алтынын кантип сатуу керектиги боюнча Өкмөт тарабынан механизмдер алдын ала иштелип чыккан.

«Биз алтынды сата алабыз. Бул — «Кыргызалтындын» алтыны. Аны биринчи Улуттук банк аркылуу сатабыз, экинчи этабында башка банктар аркылуу сатуу пландаштырылууда. Биздин алтынды сатып алууну каалагандар көп», — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, февралда Жогорку Кеңеш «Кумтөрдүн» алтынын казган ишкананы текшерүү боюнча комиссия түзгөн. Үч айлык иштин натыйжасында комиссия кенди тышкы башкарууга берүү, «Centerra Gold» компаниясын 4 миллиард доллардан ашык айыпка жыгуу сунушун берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM