Биз менен байланышыңыз

Дыйканов: Баткенге чек араны бекемдеп туруп, ири инвесторлорду чакыруу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2021 | 546 | 0

Коомдук жана саясий ишмер Максатбек Дыйканов «Маралга» берген маегинде Баткен эли учурда бир топ жеңилдиктерге муктаж экенин билдирди.

Анын айтымында, аймакта өндүрүш жок, кошуна мамлекеттер менен болгон соода-сатык алакасы пандемиядан кийин солгундады. Мунун баары облустун ишке жарамдуу жарандарынын жер которуп, мигрант болуп кетишине жол ачып жатат. Жергиликтүү калктын санынын суюлушу калкынын көптүгүнөн жер тартыш көйгөйү жаралган тажиктердин биздин жерлерге көз артышына алып келүүдө. Мындан улам, бийлик Баткенде жашоочуларды кармап турам десе, аймактын экономикасын көтөрүп, калкына жеңилдиктерди бериши керек.

«Аймактын экономикасын кантип көтөрүү боюнча экономисттерди топтоп, «мозговой штурм» кылса болот. Же элдин өзүнөн сураса, эмне керек экенин айтып берет. Менин пикиримде, элге жеңилдетилген кредит, пайызсыз ссудаларды берүү керек. Тургундар өздөрү өндүрүш, цех ачам десе, мамлекет жардам бериши керек. Таза суу көйгөйү чечиле элек. Көз карандысыз электр энергиясы менен, жолдор менен камсыздоо керек. Өндүргөн продукциясын сатууда да кыйынчылык болот. Керек болсо, өкмөт мамлекеттик резервде сактай турган буудай жана башка азык-түлүктү белгиленген баада баткендик дыйкандардан сатып алышы керек. Баткенде алюминий запасы бар, минералдык жер семирткич өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Жер семирткич заводун куруп койсо, же чоң тоо-кен комбинатын куруп койсо, ал бир топ башка өндүрүштү артынан ээрчитип келмек. Чек араны бекемдеп туруп, чоңураак инвестор чакыруу керек. Пенсия, жөлөк пулга көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Элге документ даярдагандан баштап, максималдуу түрдө жеңилдик түзүп бериши керек»— дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM