Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги көрүстөндөрдү 1000-5000 долларга чейин саткан кызматкер кармалды

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 1764 | 0

Бишкек шаардык мэриясына караштуу «Маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» мамлекеттик агенттигинин коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынын кабарлашты.

Маалым болгондой, аталган агенттиктин кызматкерлери маркумдун коюлган жайы катары башка көрүстөндү каттап, натыйжада Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө жерге берип келишкен. Бул үчүн маркумдун жакындарынан 1000 доллардан 5000 долларга чейин «сый акы» алып турушкан.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында агенттиктин кызматкери А.А. 18-майда маркумдун сөөгүн жогоруда сөз болгон көрүстөнгө коюу үчүн 40 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.

Пара алууга шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК аталган ишкананын мындан ары мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча тергөө жүргүзүүдө.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып Түштүк-Батыш көрүстөнү жабылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM