Биз менен байланышыңыз

Дагы 361 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 225 | 0

Кыргызстанда 20-майга карата дагы 361 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында – 193, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 96, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 3 адамдан вирус табылган.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде Бишкек шаарынан – 177, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 85, Талас облусунан – 1, Нарын облусунан – 16, Ысык-Көл облусунан – 22, Жалал-Абад облусунан – 8, Баткен облусунан – 1 адам, жалпы 320 бейтап сакайып чыкты.

Ал эми акыркы суткада Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 2, жалпы 4 адам коронавирустан көз жумду.

Учурда стационарларда 1567 бейтап, үй шартында 2461 бейтап COVID-19дан дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери 101 миң 580 адамга коронавируска чалдыгып, анын ичинен 94 миң 803 бейтап айыгып, 1 миң 729 адам каза тапты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM