Биз менен байланышыңыз

Бишкекте COVID-19га каршы эмдөө үчүн кошумча пункт ачылды

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 369 | 0

Бишкек шаарында COVID-19га каршы эмдөө үчүн кошумча пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындан ары Бишкек шаарынын тургундары Рыскулов көчөсү, 8 дарегинде жайгашкан студенттик бейтапканадан да вакцина ала алышат. Бейтапканада эмдөө 15:00дөн 23:00гө чейин жүргүзүлөт. Кошумча маалыматтарды 0(312) 66 52 63 телефон номеринен тактап алууга болот.

Бишкек мэриясы эпидемиялык абал өтө курчуп турганын эскертип, шаар тургундарын тезинен эмдөө алууга, санитардык эрежелерди сактоого чакырык таштады.

Бишкек шаары боюнча төмөнкү бейтапканалардан, медициналык мекемелерден «Sinopfarm» вакцинасын алууга болот:

Эмдөө пункту Байланыш номери
Ленин райондук Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору 64 45 57; 0505 111 330
Биринчи май райондук Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору 32 55 71; 0550  701 002
Свердлов райондук Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору 63 51 22; 0505 286 670
Октябрь райондук Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору 57 09 15: 0703 293 793
Свердлов райондук №4 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0709 828 314
Свердлов райондук №8 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0551 117 744
Свердлов райондук №9 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0778 376 662
Биринчи май райондук №14 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0500 008 208
Биринчи май райондук №16 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0550 651 170
Октябрь райондук №15 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0703 210 476
Октябрь райондук №19 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0709 655 540
Ленин райондук №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору 64 45 57; 0505 111 330
Ленин райондук №17 Үй-бүлөлүк медицина борбору 55 11 06
Калыс-Ордо конушунун дарылоо бөлүмү 0550 500 845
Учкун, Бакай-Ата, конуштарынын дарылоо бөлүмдөрү 0505 286 670
Кара-Жыгач конушунун дарылоо бөлүмү 0551 117 744
Ак-Бата, Ак-Босого конуштарынын дарылоо бөлүмдөрү 0500 008 208
Темир жол ооруканасы 0773 261 250

Ал эми «Гам-Ковид-Вак» эмдөөсү (Sputnik V) төмөнкү даректерде жүргүзүлөт:

Эмдөө пункту Байланыш номери
Октябрь райондук Бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору 57 09 15: 0703 293 793
Ленин райондук №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору 64 45 57; 0505 111 330
Биринчи май райондук №7 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0550 151 528
Свердлов райондук №8 Үй-бүлөлүк медицина борбору 63 51 22; 0505 286 670

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM