Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган конференция өтөт

Кыска кабар | 20 мая 2021 | 589 | 0

Бүгүн, 20-майда Улуттук илимдер академиясында Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган «Касым Тыныстанов – Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери жана окумуштуусу» аттуу конференция өткөрүлөт. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев, академик Абдылдажан Акматалиев, филология илимдеринин доктору, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Самар Мусаев, «Мурас» фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов, саясий жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, чет элдик окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышат.

Конференцияда Касым Тыныстановдун поэзиядагы, кыргыз адабиятындагы орду, «Алаш ордо» кыймылы менен Тыныстановдун ортосундагы байланыш, «кызыл профессор» аты менен белгилүү болгон Тыныстановдун түрк тилдүү элдердин тарыхындагы орду жана башкалар жөнүндө баяндамалар жасалат.

Касым Тыныстанов тууралуу маалымат:

Алгачкы кыргыз профессору, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, 1920–1930-жылдары элдик билим берүү жаатындагы реформатор, акын, жазуучу, драматург Касым Тыныстановдун өмүрү жана ишмердиги Кыргызстан тарыхында татыктуу орунду ээлейт. К. Тыныстанов өлкөнүн коомдук-саясий жана маданий өнүгүүсүнө түрткү берген жана кыргыз адабий тил чөйрөсүндөгү реформаларды ишке ашырууга катышкан. Окумуштуунун кыргыз тили багытындагы бир катар («Окуу куралы», 1924; «Чоңдор үчүн алиппе», 1926; «Биздин тил», 1927; «Эне тил», 1928; «Кыргыз тилинин морфологиясы», 1934; «Кыргыз тилинин синтаксиси», 1936) эмгектери жарыкка чыккан.

1924-жылы Ташкент шаарындагы Агартуу институтун бүткөндөн кийин Түркстан Эл агартуу комиссариатындагы Илимий комиссиясынын катчысы, кийин төрагасы болуп иштеген. 1925-жылы «Ала-Тоо» газетасынын редактору, 1927–1930-жылдары Кыргыз АССРнин Эл агартуу комиссары, 1930–1937-жылдары алгач Кыргыз маданият жана куруу институтунун илимий кызматкери, кийин анын директору. Саясий репрессиянын жылдарында ага жүйөсүз буржуазиялык улутчул күнөөсү тагылып, 1937-жылы камалып, 1938-жылы атууга кеткен. 1988-жылы К. Тыныстанов толугу менен акталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM